2019-жылдын 12-ноябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
91 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2019-жылдын 12-ноябрында жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 76-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кыргыз Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 11-ноябрь  күнү №02-34/919-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

 

2019-жылдын 12-ноябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

  Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1. 6-АӨКБ

1 б

1 10:00 10:03 10:40 10:50 11:11   Ленин району. Садыгалиев көчөсү. “ТрансСоюзАзия” ЖЧКнын аймагында “Сетра-315ХД” үлгүсүндөгү Россия Федерациясынын  жүргүнчүлөрдү ташуучу автобусунун кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

2. 2-АӨКБ

1 б

1 02:50 03:04 03:54 04:52 05:20   Аламүдүн району. Төмөнкү Ала-Арча айылы, Панфилов көчөсү. Жыгач устундуу темир жабылган кийим тигүүчү цехтин 40 ч.м. чатыры, 7 даана кийим тигүүчү машина жана 2 даана үтүк күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ош облусу

3. 68-ӨКБ

1 б

1 18:31 19:40 19:58 20:23 21:50   Алай району. Алай а\а, Сопу-Коргон айылында жайгашкан эки бөлмөлү мончонун 24 ч.м. пластик шыбы жана 4 даана пластик эшик күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
4. 53-ӨКБ

1 б

1 23:09 23:13 23:16 23:32 23:53   Өзгөн району. Өзгөн шаары. Абдулатипов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда 1 даана жумшак керебет жана төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

5. 15-АӨКБ

1 б

1 08:29 08:37 08:41 08:49 09:35   Каракол шаары. Удилов көчөсүндө “Ауди 80” үлгүсүндөгү  женил унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү жана дөнгөлөгү күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыналуусу. 1ствБ
6. 36-ӨКБ

1 б

1 11:22 11:52 12:10 14:15 14:50   Жети-Өгүз району. Ак-Терек айылы, Акматов көчөсү. Турак үйдүн короосунда 300 түк жана 2 тонна эндей жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу. 1ствБ

Баткен облусу

7. 26-АӨКБ

1 б

1 16:44 17:11 17:16 18:00 18:44   Баткен району. Кара-Булак а\а, Кара-Булак айылы. Айжигитов көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 120 ч.м. чатыры, 95 түк саман жана 30 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

Жалал-Абад облусу

8. 83-ӨКБ

1 б

1 18:40 18:55 18:59 19:20 19:42   Майлуу-Суу шааары. Завод көчөсү. Ачык аянтта 1 даана бак күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
9. 20-АӨКБ

1 б

1 05:21 05:30 05:41 06:12 06:55   Жалал-Абад шаары. Шерматов көчөсүндө жайгашкан эмерек чыгаруучу цехтин 20 ч.м. темир тосмосу, 1,5 тонна жыгач калдыгы (опилка) жана 1 даана өндрүштүк шайман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here