«Куликовский» кондитердик цехинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү

0
51 просмотров

2019-жылдын 12-ноябрында КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Аламүдүн райондук ӨК бөлүмү тарабынан Аламүдүн айылыгында жайгашкан «Куликовский» кондитердик цехинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө цехтин кызматкерлерине өрт же өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү, куткаруу кызматына кырсык жөнүндө кабар берүү, отту туура эмес пайдалануудан келип чыгуучу өрт кырсыктары, баштапкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу тартиби боюнча кеңири маалымат берилди. Аламүдүн райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы  капитан Сабыржан Аламанов билдиргендей, тактикалык машыгууда кырсык катталган учурда персоналдын алгачкы аракеттери практика жүзүндө көрсөтүлдү.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here