2019-жылдын 25-ноябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
60 просмотров

Шашылыш билдирүү: 25-27-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөйт!

2019-жылдын 25-27-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -4…-9°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°,  күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону ошондой эле катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 18-ноябрь  күнү №02-34/933-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал

I.I. Чүй облусу  

Жайыл районунда 2019-жылдын 24-ноябрь күнү болжолу менен саат 23:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 163-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Мерседес-Спринтер  жана Хонда-Степ унааларынын катушуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 1 эркек бала (4-5 жаштагы) жана 3 аял киши каза болуп, 11 адам (2 эркек, 6 аял жана 3 кичине балдар) жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда).

Куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып тез жардам кызматына, каза болгон жарандардын жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

2019-жылдын 25-ноябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Чүй,  Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын  облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.  Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-ноябрда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1. 5-АӨКБ

1 б

1 13:20 13:36 13:40 13:55 14:10 Биринчи Май району, Скрябина-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жыгач устундуу шифер жабылган 20 чарчы метр гараждын чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2. 5-АӨКБ

1 б

1 14:08 14:16 14:25 14:30 14:47 Октябрь району, Масалиев көчөсүндөгү Ала-Тоо ресторанынын жанында 10 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3. 5-АӨКБ

1 б

1 23:14 23:21 00:00 00:44 01:56 Биринчи Май району, Токтоналиева көчөсү, эки кабаттуу турак үйдүн жер төлөөсүндө жайгашкан мончонун 50 чарчы метр ички жыгач жалгасы жана 36  чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

4. 2-АӨКБ

1 б

1 09:25 09:41 11:11 12:55 13:32 Аламүдүн району, Төмөнкү Ала-Арча конушу, Чагай көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган 65  чарчы метр турак үйдүн чатыры жана үй эмеректери күйгөн. Өрттү натыйжасында 1972-жылы туулган В.Н.В аттуу аял киши бетинен жана колу, бутунан күйүк алган жана №4 борбордук ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
5. 23-АӨКБ

1 б

1 09:40 09:49 10:08 10:25 10:58 Сокулук району, Сокулук айылы, Ленин көчөсү, турак үйдүн 10 чарчы метр морунун айланасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

6. 26-АӨКБ

1 б

1 б

1 06:48

 

07:35

06:55

 

07:44

07:48 09:28 09:46

 

09:13

Баткен шаары, Токтогул көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган 176 чарчы метр турак үйдүн чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдардын кыска чыңалуусу. 2ствБ
7. 26-АӨКБ

1 б

1 15:57 16:01 16:15 16:25 17:10 Баткен шаары, 50 лет Киргизии көчөсү, турак үйдүн 6 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

8. 70-ӨКБ

1 б

1 12:55 13:27 19:39 14:53 16:12 Аксы району, Кашка-Суу айыл аймагы, Туюк-Жар айылы, Ынтымак көчөсү, жыгач устундуу тунике жабылган 70 чарчы метр сарайдын чатыры жана 6 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
9. 55-ӨКБ

1 б

1 13:30 13:38 13:43 14:12 14:20 Ноокен району, Масы айыл аймагы, Масы айылы, Абдыжапаров көчөсү, аянты 30 чарчы метр болгон тоок кана жана 30 даана тоок күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 2ствБ

Нарын облусу

10.       43-ӨКБ

1 б

1 17:40 18:00 18:18 18:50 19:08 Жумгал району, Чаек айылы, Жумгал суусунун жээгинде 200 чарчы метр куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

11.       53-ӨКБ

1 б

1 23:50 00:04 00:19 00:52 01:33 Өзгөн району, Өзгөн шаары, С.Атажанов көчөсү, турак үйдүн 5 чарчы метр морунун айланасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

12.       36-ӨКБ

1 б

1 00:06 00:11 00:13 00:45 00:55 Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Конкин көчөсү №64, батирдин болконундагы эшиги, терезеси жана кийимдер күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here