2019-жылдын 26-ноябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
63 просмотров

Шашылыш билдирүү: абанын температурасы кескин төмөндөйт!

2019-жылдын 26-27-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -4…-9°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°,  күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону ошондой эле катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 18-ноябрь  күнү №02-34/933-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды  өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

2019-жылдын 26-ноябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1. 4-АӨКБ

1 б

1 17:47 17:55 18:13 18:27 18:47   Ленин району, Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде “БМВ”  үлгүсүндөгү унаа күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

Ош шаары

2. 13-АӨКБ

1 б

1 12:23 12:26 12:36 13:00 13:14   Масалиев көчөсү, көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүндө 15 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

3. 21-АӨКБ

1 б

1 06:45 06:55 07:07 08:13 08:30   Токмок шаары, Нижняя Луговая көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 24 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4. 1-ӨКБ

1 б

1 08:02 08:38 08:53 09:02 09:30   Аламүдүн району, Виноградное айылы, Спортивный көчөсү,  жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: мешти пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушу. 1ствБ
5. 2-ӨКБ

1 б

1 19:23 19:33 20:10 20:20 20:35   Панфилов району, Кайынды шаарчасы, Сенбаза көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 6 чарчы метр мору  күйгөн.   Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
6. 15-ӨКБ

1 б

1 22:37 22:50 22:55 23:25 23:45   Москва району, Беловодск айылы, Колхозный көчөсү, ашкананын мору күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

7. 59-ӨКБ

1 б

1 18:34 19:00 19:08 22:15 22:58   Сузак району, Көк-Арт айыл аймагы, Жерге-Тал айылы, Центральный көчөсү, сарайда жыйылган 3 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби: жаш балдардын от менен болгон шоктугу. 1ствБ
8. 58-ӨКБ

1 б

1 05:26 05:30 05:31 05:40 05:55   Жалал-Абад шаары, Спутник кичи шаарчасы, Абдурашитов көчөсү, турак үйдүн 3 чарчы метр мору күйгөн. Өрттүн себеби:  жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
9. 65-ӨКБ

1 б

1 05:43 06:01 06:13 06:45 07:05   Сузак району. Ырыс айыл аймагы, Жар-Кыштак айылы, Мамасадыков көчөсү, турак үйдүн ичинде үй буюмдары күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

10.       19-ӨКБ

1 б

1 14:27 14:35 14:40 14:49 15:25   Балыкчы шаары, Токтосунов көчөсү, жыгач устундуу темир жабылган ашкананын 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Нарын облусу

11.       45-ӨКБ

1 б

1 19:47 20:40 20:45 21:22 23:42   Ат-Башы району, Ак-Муз айылы, Субакожоев  көчөсүндө “Исузу-Радео” үлгүсүндөгү унаа күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here