2019-жылдын 27-ноябры 08:00 карата маалымат Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
58 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2019-жылдын 27-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -4…-9°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°,  күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону ошондой эле катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 18-ноябрь  күнү телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

 

2019-жылдын 27-ноябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

    Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 2019-жылдын 26-ноябрь күнү саат 07:08де  Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Өзгөн районунун Жийде, Ничке-Сай, Ак-Терек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1. 5-АӨКБ

1 б

1 09:53 10:06 жеткенге чейин 10:38   Биринчи Май району, Ч. Айтматов проспектиси, дарыкананын ичинде электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.
2. 3-АӨКБ

1 б

1 14:58 15:11 жеткенге чейин 15:53   Свердлов району, Бакай-Ата конушу, Анар көчөсү, жыгач устундуу плексиглас менен жабылган турак үйдүн 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу мештердин жана мордун туура эмес түзүлүшү.
3. 4-АӨКБ

1 б

1 17:18 17:26 жеткенге чейин 18:07   Ленин району, Фучик көчөсү, турак үйдүн жер төлөөсүндө электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.
4. 4-АӨКБ

1 б

1 21:39 21:46 21:49 21:55 22:08   Биринчи Май району, Жаш Гвардия бульвары жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды таштоочу жайда таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

5. 6-АӨКБ

1 б

1 07:04 07:21 07:27 07:43 08:05   Сокулук району, Новопавловка айылы, Ала-Арча көчөсү, турак үйдүн 20 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
6. 8-АӨКБ

1 б

1 14:15 14:32 14:47 15:30 16:36   Аламүдүн району, Озерное айылы, Аул көчөсү, жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры жана жанаша жайгашкан чарбалык курулуштун ичинде 10 чарчы метр таштанды жана 1 торпок күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1955-жылы туулган эркек адам (М.С) каза болгон. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ, 1ГТКК
7. 15-ӨКБ

1 б

1 20:34 20:54 жеткенге чейин 21:50   Москва району, Садовое айылы, Степное көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 4 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Ысык-Көл облусу

8. 38-ӨКБ

1 б

1 12:41 12:45 12:48 13:40 13:44   Тоң району, Бөкөнбаев айылы, Маркабаев көчөсү, короодо жыйылган 40 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9. 34-ӨКБ

1 б

1 б

1 15:05

 

15:41

15:29

 

16:07

18:14 22:03 22:36

 

18:39

  Түп району, Талды-Суу айылы, Деркембай уулу көчөсү, жалпы аянты 170 чарчы метр сарай толугу менен, 1550 түк чөп, 4 торпок жана 5 кой күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Талас району

10.       17-АӨКБ

1 б

1 12:56 12:59 13:06 13:11 13:22   Талас шаары, Советский көчөсү №77, “Автомир” унаа оңдоочу жайдын ичинде  “Ауди С-4” үлгүсүндөгү жеңил унаанын салону күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
11.       17-АӨКБ

1 б

1 13:39 13:44 тастыкталган жок 14:20   Талас шаары, Москвиченко көчөсү, турак үй күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрт жөнүндө маалымат тастыкталган жок.
12.       93-ӨКБ

1 б

1 18:08 18:11 18:25 18:50 18:55   Бакай-Ата району, Бакай-Ата айылы, Куштай көчөсү, “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү самосвалдын салону, кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

Нарын району

13.       43-ӨКБ

1 б

1 18:00 18:33 18:47 19:15 19:35   Жумгал району, Чаек айылы, ачык аянтта 60 чарчы метр камыш күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. 1ствБ
Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here