Нарын облусунда өрт кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 31 пайызга азайган

0
33 просмотров

Адистердин айтымында, күз-кыш мезгилинде  өрттүн басымдуулугу  турак-жай секторунда катталат. Тилсиз жоонун биринчиден келип чыгуу себеби, өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан болууда. КР ӨКМдин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын адистери  кышкы өрткө кооптуу мезгилде өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет:

  • от жагуучу мезгилге чейин мештерди жана морлорду чаңдан жана көөдөн тазалоо керек, бузук мештерди жана морлорду колдонбогула;
  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула;
  • тамеки чегүүдө өрт коопсуздугун эске алыңыз.

Статистика:

2019-жылдын 10 ай ичинде Нарын облусунун аймагында 89 өрт кырсыгы катталып (2018-ж. 129) өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр 31% азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 4 миллион 845 мин сомдон ашык түздү (2018-жылы 1 млн. 422 мин сомго кыскарган), өрттөн 6 адам жабыркаган, анын ичинде (2018-жылы 4 адам).

Өрттөн 51 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2018-ж 33 млн. 470 мин сом).

Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу -9,3%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -27%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда -6,8%, балдардын от менен ойноосунан -3,6%, өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан -15,4% турак жай секторунда болгон.

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (14) жана 363 млн. 528 мин 108 сомдук материалдык чыгымды түзгөн.

2019-жылдын  10 айында республиканын  өрттүн алдын алуу органы тарабынан өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында өрткө каршы бир катар үгүт иштери аткарылды: 24194 адамды камтыган өрткө каршы нускоолор, лекциялар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик объекттердин кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл көп топтолгон жайларда (айылдык жана кварталдык) өткөрүлгөн. Күнүнө болуп өткөн өрттөр боюнча  маалыматтык агенттиктерден жана социалдык тармактардан берилип турат.

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн эрежелерин сактоо менен, Сиз өзүңүздүн турак-жайыңызды, мүлкүңүздү, адамдардын жаракат алуусун жана каза болуусунун тилсиз жоодон алдын алган болосуз. Өрт чыккан учурда 101, 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here