Жалал-Абадда турак жайлардагы өрт коопсуздук эрежелерин туура сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

0
33 просмотров

2019-жыл башынан бери Жалал-Абад  облусунун аймагында өрт коопсуздугуну алдын алуу максатында 3581 жолу 189724 адамдын катышуусунда инструктаж, 1652 жолу 317088 адамдын катышуусунда лекциялар өткөрүлдү.

Мындай маалыматы КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы маалымат берүүдө.

Тактап айтканда учурда облусунун аймагында жайгашкан мекеме, уюм, ишкана жана турак жайларда алардын өрт коопсуздугун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, кышкы өрт кооптуу мезгилдин башталышы менен Жалал-Абад облусундагы  турак-жай секторунда өрткө каршы түшүндүрүү иш-чаралары күчөтүлүп 50105 турак жай ээлерине кышкы өрт кооптуу мезгилде турак жайлардагы өрт коопсуздук эрежелери, от жагууда мешти колдонуу эрежелери, күнүмдүк тиричиликте колдонулуучу электр жабдыктарын колдонуу эрежелери боюнча  түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here