2019-жылдын 2-декабры саат 08:00го карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
49 просмотров

2019-жылдын 2-декабрь күнү республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

 

Сейсмологиялык абал боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 1-декабрь күнү саат 09:32де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Аксы районунун Райкомол, Кечүү айылдарында 3 балл, Ит-Сай, Кызыл-Бел, Ак-Жол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды  өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм № Өрттүн

категориясы

Убакыт

Билдирүү жолу  

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

6-АӨКБ

1 б

1 11:16 11:30 11:39 12:12 12:34 Ленин району, Арча-Бешик жаңы конушу, Садыбакасов көчөсү, турак үйдүн от жагуучу бөлмөсүнүн 4 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4-АӨКБ

1 б

1 06:08 06:18 жеткенге чейин 06:40 Ленин району, Рыскулов көчөсү №86, жыгач устундуу тунуке жабылган от жагуучу бөлмөнүн 2 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

Чүй облусу

22-АӨКБ

1 б

1 07:57 08:00 08:05 08:14 08:37 Жайыл району, Кара-Балта шаары, Жайыл-Баатыр көчөсү, Кыргызтелеком имараттынын 4 чарчы метр аянты жана эмеректер күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
22-АӨКБ

1 б

1 01:07 01:15 01:23 02:18 02:30 Жайыл району, Кара-Балта шаары, Шопоков көчөсү, короодо гараждын 25 чарчы метр аянты толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

76-ӨКБ

1 б

1 б

75-ӨКБ

1 б

1 15:47

 

17:06

 

16:44

15:58

 

17:13

 

жолдон кайтуу

17:21 18:34 19:12

 

18:48

 

17:20

Кадамжай району, Кадамжай шаары, Аңкурсай көчөсү, Алинур чайканасынын 100 чарчы метрдеги  темир чатыры, ички жасалгасы жана эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 3ствБ

Талас облусу

100-ӨКБ

1 б

1 21:21 21:26 21:41 23:10 23:50 Манас району, Покровка айылы, К.Жаманкулов көчөсү, турак үйдүн бөлмөсүнүн 15 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

70-ӨКБ

1 б

1 22:24 22:55 23:50 01:32 03:23 Аксы району, Кош-Дөбө айыл аймагы, Жаңгак тилкеси, Мамашев көчөсү, жыгач устундуу тунуке менен жабылган турак үйдүн 36 чарчы метр чатыры, 85 түк чөп жанан 5 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: мешти пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушу. 2ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:

Ош шаары

1-декабрында куткаруучулар Ж.Раимбекова көчөсүндө жайгашкан №17 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ысык-Көл облусу

Жети-Өгүз районунда “Кумтөр Голд Компани” ЖАК ишканасынында 2 кызматкери дайынсыз жоголду деген маалымат 1-декабрь күнү түшүп, КР ӨКМден  куткаруучулар  издөө иш-чараларына тартылган.

Издөө иш-чаралары 2-декабрь күнү улантылат, жалпысынан 31 куткаруучу тартылган. КР ӨКМнин куткаруучуларын КР ӨК министрдин орун басары полковник К. Ахматов жетектөөдө.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here