2-декабрында саат 15:41 чамасында Ленин районунун Стаханов көчөсүндө эки кабаттуу турак үйдө өрт чыккан.
Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан өрт чыгып, анын кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу турак үйдүн №19 жана №20 батирлеринин 90 чарчы метр чатыры, үй буюмдары жана кийим кечелер күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 1975-жылы туулган Б кызы А. түтүнгө ууланган, 1965- жылы туулган С. А. бети жана колунан III-даражадагы күйүк алган, 1962-жылы туулган С. Н. колунан күйүк алган жана түтүнгө ууланган, 2012-жылы туулган А. К. жана 2016-жылы туулган С кызы А. түтүнгө ууланган. Жабырлануучулар тез жардам кызматы аркылуу Бишкек шаардык №4 жана №3 ооруканасына жеткирилген. Абалдары туруктуу.