2-декабрында саат 22:45 чамасында Свердлов районунун Дордой-1 калктуу конушундагы Дордой 12 көчөсүндө өрт кырсыгы катталган.
Өрттөн жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 65 чарчы метр чатыры, үй буюмдары жана кездемелер күйгөн.
Кырсыктын кесепетинен 2 аял 1979-жылы туулган О.Н. жана 1991-жылы туулган А. кызы З. колу-бутун кокустатып алышкан.
Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.
Өрттүн себеби такталууда.