Кумтөр кенинде болгон кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча штаб түзүлдү 

0
199 просмотров

Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кениндеги Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмардын кескин түрдө жылып, анын кесепетинен эки кызматкердин дайынсыз болуп жатканына байланыштуу  атайын штаб түзүлдү.

Кендеги кырдаал кесепеттерин жоюу боюнча түзүлгөн штабка Кыргыз  Республикасынын тармактык мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирди.

«Кумтөр» ишканасынын табылбай жаткан эки кызматкерин издөө-куткаруу боюнча кендеги тийиштүү адистер менен биргеликте иш жүрүүдө.

КР ӨКМден  64 куткаруучу, ишканадан 28 куткаруучу, жалпысынан 92 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар түнү да издөө иштерин жүргүзүүдө.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here