Кумтөр кенинде дайынсыз болуп жаткан эки кызматкерди издөө иштери уланууда

0
27 просмотров
Учурда жеринде 18 оор техника иштеп жатат.  Альпинистер дагы издөө иштерине кошулду.  Кескин түрдө жылган үйүлгөн жараксыз катмардын жалпы аянты: узуну 450 метр, туурасы 570 метр, бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12,825,000м3.
Дайынсыз болуп жаткан эки адамдын болжолдуу калган жерлери адистер тарабынан аныкталып, учурда ошол аймакта техникалар иштеп жатат. Жалпысынан 94 куткаруучу тартылган: ӨКМден, Кумтор ишканасынан, кинологдор ж. б. Мамэкотехинспекциянын тоо-кең адистери чалгындоо иштерин жүргүзүп,  коркунуч туулган жерлерге атайын аспаптарды орнотуп тактоо иштерин жүргүзүүдө.
КР ӨКМдин Басма сөз кызматы
Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here