Кыргызгидрометтин синоптиктеринин билдирүүсү боюнча 2019-жылдын 3-4-декабрларында Бишкек шаарында аба массасынын алмашуусу орун алды. Ар түрдүү бийиктиктерде шамал байкалды жана анын ылдамдыгы 15 м/с жетти.
Байкалган метеорологиялык шарттар Бишкек шаарындагы атмосфералык абадагы кирдетүүчү заттардын таралышына себепчи болду. Натыйжада азыркы убакта абадагы кирдетүүчү заттардын кармалышы төмөн экендиги байкалууда.
CO – 10,3 мкг/м3 (чектүү деӊгээли — 5 мкг/м3)
NO – 86,3 мкг/м3 (чектүү деӊгээли — 400 мкг/м3)
NO2 – 48,9 мкг/м3 (чектүү деӊгээли — 85 мкг/м3)
SO2 – 49,2 мкг/м3 (чектүү деӊгээли — 500 мкг/м3)
PМ2.5 – 13 мкг/м3 (чектүү деӊгээли — 160 мкг/м3)
Ал эми майда катуу бөлүкчөлөр PМ2.5 тууралуу айта турган болсок, алардын абадагы кармалышы кескин түрдө азайды.
Эгерде ноябрьдын акыркы 3 күнү бул заттын кармалышы 440-448 мкг/м3 чейин жеткен болсо, бүгүн эртеӊ менен бул көрсөткүч 11-13 мкг/м3 түздү, жана 34 эсе азайды.