Баткен облусунда потенциалдуу коркунучу бар айыл аймактарында жашаган калкты өзгөчө кырдаалдар боюнча окутуулду

0
16 просмотров

2019-жылга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары тарабынан бекитилген жерине барып окутуу планына ылайык өткөрүлгөн.

2019-жылдын 6-ноябрындагы  КР ӨКМнин Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Кадамжай, Лейлек райондорунун жана Баткен, Кызыл-Кыя, Исфана жана Сүлүктү шаарларынын потенциалдуу коркунучу бар айыл аймактарында жашаган калкты барып окутууну уюштурулду.

Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана пайда болгон учурдагы жүрүм-турум эрежелери, сактануу ыкмалары жөнүндө, билим берүү мекемелеринин (мектептердин) «Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери» сабагынан окуткан мугалимдердин окутууну өз убагында өткөрүү жана окуулардын сапатын жогорулатуу максатында окуулар өткөрүлүп, методикалык жардамдар көрсөтүлдү.

Жалпысынан Баткен облусунан мерчем боюнча кооптуу аймактарда жашаган 4545 адамды  окутуу бекитилген ал эми анык окутулган 5342 адам катталды.

Анын ичинен 2389 адам жергиликтүү калк, 2823 окуучулар жана кесиптик колледждин 130 студенти окутулду.

Райондор жана шаарлар боюнча:

— Кызыл-Кыя шаарынан — мерчем боюнча 75 адам, анык окутулганы

 — 492 адам; (калк- 116, студент-130, окуучу- 246).

— Кадамжай районунан — мерчем боюнча 120 адам, анык окутулганы  337 адам; (калк- 120, окуучу- 217).

— Баткен шаарынан – мерчем боюнча 70 адам, анык окутулганы 169 адам; (калк- 69, окуучу- 100).

— Исфана шаарынан – мерчем боюнча 810 адам, анык окутулганы 512 адам; (калк- 308, окуучу- 204).

— Лейлек районунан  — мерчем боюнча 3100 адам, анык окутулганы  3152адам; (калк- 1609, окуучу- 1543).

 — Сүлүктү шаарынан – мерчем боюнча 370 адам, анык окутулганы 680 адам.   (калк- 142, окуучу- 538).

Окуулардын жүрүшүндө катышуучуларга ар турдүү өзгөчө кырдаалдар боюнча атайын ӨКМ тарабынан иштеп чыгарылган плакаттар, таркатма материалдар жана китептер тапшырылды.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here