Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги административдик мамлекеттик бош кызмат орундарына конкурс жарыяланды.
Башкы тобундагы мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Ыкчам маалыматтарды жалпылоо, аналитика, стратегиялык пландоо жана сандык моделдөөлөр башкармалыгы
1.Башкармалыктын башчысы (Б-Б) -1 бирдик:
- Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу жана физика-математика илимдери: (гидрометеорология, метеорология, физика, география, экология, техносфералык коопсуздук) техникалык (информациялык технологиялар, колдонмо математика жана информатика) гуманитардык (менеджмент, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу).
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
2.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө”, 2013-жылдын 7-майындагы №255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2012-жылдын 20-февралындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» токтомдорун.
2.2. Билгичтиги:
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерде сүйлөй билиши;
-англис тилинде эркин сүйлөө, иштиктүү кат алышуу;
2.3. Кызматтык милдеттери:
-башкармалыктын жана Кыргызгидрометтин түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишин жакшыртуу боюнча Кыргызгидрометтин жетекчилигине сунуштарын киргизет;
-гидрометеорологиялык маалыматтарды, бардык байланыш каражаттарын пландын негизинде өз мөөнөттөрүндө көзөмөлдөө, өз убагында маалыматтарды топтоо жана таратуу боюнча иштерди уюштуруу;
-агенттигинин тийиштүү бөлүмдөрүнөн талап кылынган эффективдүү жана жогорку сапаттагы ыкчам маалыматтар менен камсыздайт.
Персоналдар менен иштөө бөлүмү
2.Бөлүмдүн башчысы (Б-Б) – 1 бирдик:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билими, төмөндөгү багыттар боюнча: адам ресурстарын башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, гуманитардык, табият таануу илимдери.
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
2.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө”, 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө”, 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”, 2013-жылдын 7-майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө” жобо, 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» токтомдорун .
2.2.Билгичтиги:
-аналитикалык документтерди даярдоо;
— мамлекеттик тилде эркин сүйлөө, кат алышуу жана расмий тилде иштиктүү кат алышуу;
2.3. Кызматтык милдеттери:
— кадр саясатын жүргүзөт (кадрларды тандоо, жайгаштыруу жана пайдалануу);
-эмгек жөнүндө жана эмгек тартиби тууралуу мыйзамдарды сактоого ички көзөмөл жүргүзөт;
-мамлекеттик кызматчылардын жана мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматчылар боюнча маалымат базасын топтойт.
Документтик камсыздоо жана аткарылышын контролдоо бөлүмү
3.Бөлүмдүн башчысы (Б-Б)- 1 бирдик:
- Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билими, төмөндөгү багыттар боюнча: адам ресурстарын башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, гуманитардык, табият таануу илимдери.
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
2.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө”, 2013-жылдын 7-майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 “Кыргыз Республикасынын башкаруу иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”, 2010-жылдын 25-мартындагы № 182 “Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө”, 2012-жылдын 20-февралындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» токтомдорун.
2.2. Билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
— мамлекеттик тилде эркин сүйлөө, кат алышуу жана расмий тилде иштиктүү кат алышуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
2.3.Кызматтык милдеттери:
-документтик камсыздоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча адистердин ишине усулдук методикалык жетекчиликти жүргүзөт жана алардын ишин координациялайт;
-документтик жүгүртүүдө систематикалык анализ жүргүзөт, аны жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
-документтик жүгуртүү процессинде ар кандай маалымат материалдарын даярдайт.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
— арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;
-өмүр баян;
-өздүк баракча сүрөтү менен;
-паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;
— эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кесиптик билимин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочү документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.
Документтерди 2019-жылдын 29-ноябрынан 9-декабрына чейин 7 жумушчу күнүнөн кечиктирбестен Персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.
Байланыш телефону: (0312) 31-46-99