Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 3-декабрь күнү саат 16:03тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Кара-Киндик айылында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.