6-12-декабрларда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

0
180 просмотров

6-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-декабрда эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, кар, Нарын облусунда кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшу күтүлөт. Тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык- Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-декабрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын  көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын  кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 7-декабрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшу күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

8-10-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. 8-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшу күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

11-12-декабрларда кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.  Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here