Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун 2020-жылга даярдык планын кароо боюнча жыйын өткөрүлдү

0
35 просмотров

   

2019-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ситуациялык залында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Ахматов Калыс Орозбековичтин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын министрлик, ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана Бишкек, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун иш-чараларын уюштурууну кароо боюнча жыйыны өткөрүлдү.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник К.О. Ахматов баардык мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө 2019-жылы пландалган иш-чаралардын кандай деңгээлде аткарылгандыгы жана 2020-жылга Жарандык коргонуунун даярдык планындагы иш-чараларды жогорку деңгээлде аткарууга чакырып, жыйынды ачып берди. Жыйын ачылгандан кийин КРнын ӨКМдин Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун Жарандык коргонуу кафедра башчысы тарабынан Жарандык коргонуу иш-чараларын уюштуруу жана пландаштыруу боюнча презентация кылды. Андан соң 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун даярдык планынын долбоору каралып, мамлекеттик органдарга тааныштырылды.
Жыйындын максаты министрлик, ведомстволордун, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын 2020-жылга Жарандык коргонуу иш-чараларын жогорку деңгээлде уюштуруу жана ар кандай өзгөчө кырдаалдарда бирге аракеттенүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды жоюуда ыкчам аракеттенүү болду.
Жыйындын аягында баардык мамлекеттик органдар тарабынан айтылган сын-пикирлер эске алынып, тиешелүүлүгүнө жараша бир катар тапшырмалар коюлду.


КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here