Табигый кырсыктардан 22458 кожолуктун жана 13880 га  чарба үлүш жерлери корголду

0
35 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Аталган иш-чара 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.

Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2019-жылга карата болжолдуу-планы 55 объектте иш мерчемделип кошумча 29 объект кошулган, 11 ай  ичинде 78 объектте жумуш жүргүзүлгөн.

Натыйжада биринчи багыт боюнча 53 объект пайдаланууга берилип, 10078 кожолук жана 10189 га айыл чарба аянттары корголду, ошондой эле 2 мектеп, 1 ФАП, 1-сарай, 2 чек ара (погран) мамычасы жана 555 кожолук транспорттук  каттам менен камсыз болду.

Ал эми алдын алуунун экинчи багыты — “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2019-жылдагы Болжолдуу-планына 317 обьект киргизилип, 11 ай ичинде республика боюнча 354 обьекте иш-чаралар жүргүзүлүп, 346 объектиде иш бүткөн жана 8 объектиде иштер улантылууда.

Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында: 12380 кожолуктун жана 3691 га чарба үлүш жерлерди, 63 км ички чарбалык жол корголду, 2 көп кабатту үй, 6- балабакча, 1-ички чарбалык көпүрө, 2-мечит, 2-мүрзө, 7-ФАП, 1-ГСВ, 1-ЛЭП, 7 көпүрө сел коркунучунан корголду, 4571 кожолук жол каттамы менен камсыз болду.

Жалпысынан  401 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, 432 объектиде жумуш жүрүп, 399 объектиде жумуштар бүткөн. Натыйжада жалпысынан 22458 кожолуктун жана 13880 га чарба үлүш жерлерди, 63 км ички чарбалык жол корголду, 2 көп кабатту үй, 6 балабакча, 1 ички чарбалык көпүрө, 2 мечит, 2 мүрзө, 8 ФАП, 1 ГСВ, 1 ЛЭП, 7 көпүрө, 2 мектеп, 2 чек ара (погран) мамычасы сел коркунучунан корголду жана 5126 кожолук жол каттамы менен камсыз болду.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here