2019-жылдын 13-декабры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
70 просмотров

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

2019-жылдын 13-декабрдан 15-декабрга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 13-декабрда Жалал-Абад,  Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

14-декабрда жана 15-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. 15-декабрда күндүз  Чүй,  Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын  жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, алардын үзүлүү коркунучун алып келет.

Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 12-декабрь  күнү №02-34/989-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

13-декабрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Жалал-Абад, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.    28-АӨКБ

1 б

1 14:54 15:00 15:06 15:34 15:48   Октябрь району, Б.Баатыр көчөсү, турак үйдүн 10 чарчы метр очокканасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

2.    22-АӨКБ

1 б

1 10:10 10:25 10:47 11:17 11:48   Жайыл району, Жайыл айылы, аянты 10 чарчы метр болгон вагон толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
 

Жалал-Абад облусу

3.    65-ӨКБ

1 б

20-АӨКБ

1 б

1 05:45

05:46

06:05

06:01

 

06:06

 

07:32

 

07:00

  Сузак району, Барпы айыл аймагы, Таштак айылы, Юлдашев көчөсү, сарай күйүп жатат  

Куткаруу кызматы боюнча маалымат:

 

Бишкек шаары

Биринчи май районунда куткаруучулар Абай көчөсүндө жайгашкан №2/3 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Чүй облусу

Токмок шаарында куткаруучулар 3-кичи районунда жайгашкан №16а үйүнүн батиринин жабалып калган эшигин ачып беришкен.

 

Баткен облусу

Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи районунда жайгашкан №6 үйдүн батиринин суу түтүгү жарылып, астыңкы кабаттагы батирди каптаган. Куткаруучулар батирдин эшигин ачып, сууну токтотуп беришкен.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here