Ош шаарында өрт-куткаруу бөлүгү ачылды

0
158 просмотров

Бүгүн, 13-декабрь күнү Ош шаарында № 29 өрт-куткаруу бөлүгүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы катышты.

Аталган өрт-куткаруу бөлүгүнүн күч-каражаттары Ош шаарынын №5 «Амир-Темур» муниципалдык аймактык кеңешинин аймагындагы өрт өчүрүү иштерине тартылат. Бөлүмдү жайгаштырууга жеңил конструкция тибинде 4 бөлмөлүү имарат курулуп, 14 штаттык бирдик  жана 1 даана өрт өчүрүүчү автоунаа  (Зил АЦ 40) тийиштүү шаймандары менен бөлүнүп берилген. №29 өрт-куткаруу бөлүгүнүн женил конструкциядан болгон курулуш иштеринин  толук бүткөрүүгө жергиликтүү бийлик тарабынан акча каражаты бөлүнгөн.

Салтанатуу ачуу аземинде, Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов куткаруучуларды жана жашоочуларды жаңы имаратуу болушу менен куттуктап өттү.

“Жаңы курулган №29 өрт-куткаруу бөлүгүнүн имараты бүгүн толук кандуу бүткөрүлүп расмий түрдө ачуу аземине күбө болуп жатасыздар. Сиздердин бул эмгегиңиздер Президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгына татыктуу салымыңыздар жана чоң үлүшүңүздөр десем жаңылышпайм. Мындан ары бул өрт-куткаруу бөлүгү өздөрүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин ушул жаңы имаратта жоопкерчилик менен аткарып, өрт коопсуздугуна чек коюп эң жакшы ийгиликтерге жетише берет деген ишеничтемин. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул бөлүктүн материалдык  техникалык базаларын чыңдоону мындан кийин да уланта бермекчи”, — деди министр Н.Мирзахмедов.

Өз кезегинде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов:  “Амир-Темир кичи районуна өрткө каршы куткаруу бөлүгүн ачуу зарыл болчу. Өрт тилсиз жоо. Бул аймакта эч качан кырсык болбосун. Жер бөлүп берип, куткаруу бөлүгүнүн курулушуна да шаардык мэрия колдоо көрсөттүк. Негизги колдоо, демилге элден болду. Колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдиребиз. Кырсыктын алдын алышыбыз керек. Эң негизгиси ӨКМдин кызматкерлери койгон талапты аткарышыбыз керек. Кырсыктардын алдын алып, үйлөрүңүздөрдү камсыздандырууну да колго алышыңыздар керек”, — деди.

Буга чейин Ош шаарынын №5 Амир-Темур муниципалдык аймактык башкармалыгында 60 миңден ашуун жашоочулар жашагандыктан өрт-куткаруу бөлүгүн ачып, өрттүн коопсуздугун жоюу эң негизги маселе болуп келген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-январындагы № 53 «Ишеним жана биримдик» программасын  ишке ашыруу боюнча токтомунун негизинде бекитилген КРнын Өкмөтүнүн «Ишеним жана биримдик» программасын  ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга иш-аракеттер планын ишке ашыруу максатында, жаңы курулган №29 өрт-куткаруу бөлүгүнүн имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here