Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 15-декабрь күнү саат 07:39да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.