Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылдын январь айында күтүлгөн абанын температурасынын жана жаан-чачындын көлөмүнүн аномалиясынын болжолдоосу
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° жогору болуп, -1°сууктан…+1°жылуулукка чейин, тоо этектериндеги райондордо жана Кемин өрөөнүндө -3…-5° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктан -7…-12° суукка чейин, күндүз -2° суук +3°жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -4…-9° сууктан -10…-15° суукка чейин, күндүз -4° суук…+1° жылуулуктан 3…8° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 25-28 мм, тоо этектеринде 12-22 мм).*
ТАЛАС ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2º жогору болуп, -1…-3° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6° сууктан -8…-13° суукка чейин, күндүз -3° суук …+2° жылуулуктан 5…10° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (17-19 мм).
ОШ, ЖАЛАЛ-АБАД ЖАНА БАТКЕН ОБЛУСТАРЫНЫН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…3° жогору болуп, 0…2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1° суук…+4° жылуулуктан, -2…-7° суукка чейин, күндүз -1° суук…+4° жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -4° суук…+1° жылуулуктан -5…-10° суукка чейин, күндүз -2° суук…+3° жылуулуктан 4…9° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 15-52 мм, тоо этектериндеги райондордо 25-74 мм).
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -1…-3° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -5…-7° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° суук, чыгыш тарабында -10…-15° суук, күндүз -1° сууктан…+4° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (2-9 мм, чыгышында 14-21 мм).
НАРЫН ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -12…-14°, Кочкор районунда -7…-9° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -13…-18° сууктан -20…-25° суукка чейин, күндүз -8…-13º сууктан -2…-7° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Ат-Башы районунда абанын температурасы түнкүсүн -15…-20° сууктан -23…-28° суукка чейин, күндүз -12…-17° сууктан -5…-10° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (2-9 мм).
ЖАЙЫТТАР ЗОНАСЫ (ЗОНА ПАСТБИЩ)
АЛАЙ ӨРӨӨНҮ
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1° жогору болуп, -13…-15° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -12…-17° сууктан -20…-25° суукка чейин, күндүз -10…-15° сууктан -4…-9° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (19-21мм).
СУУСАМЫР ӨРӨӨНҮ
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1° жогору болуп, -19…-21° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -22…-27° сууктан -30…-35° суукка чейин, күндүз -13…-18° сууктан -7…-12° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (16-18 мм).