Чүй облусунда өрт кырсыгы  өткөн жылга салыштырмалуу 27 пайызга азайган

0
137 просмотров

2019-жылдын 11 ай ичинде Чүй облусу боюнча 1072 өрт кырсыгы катталып (2018-ж. 1476) өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр 27,4% азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 39 миллион  сомдон ашык түздү (2018-жылы 70 млн. сомдон ашык), 13 адам каза таап (2018-жылы 22 адам,), 11 адам жабыркаган, (2018-жылы 4 адам).

Өрттөн 5 адамдын өмүрү (2018-ж. 8 адамдын өмүрү) жана 547 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2018-ж 474 млн. сом).

Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда, балдардын от менен ойноосунан болду.

2019-жылдын  11 айында облус аймагында өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында өрткө каршы бир катар үгүт иштеринин алкагында,  147 614 миң адамды камтыган өрткө каршы нускоолор, лекциялар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик объекттердин кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл көп топтолгон жайларда (айылдык жана кварталдык) өткөрүлгөн. Андан тышкары социалдык тармактардан күн сайын Өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо жна алдын алуу тууралуу маалыматтар байма-бай берилип турат.

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн эрежелерин сактоо менен, Сиз өзүңүздүн турак-жайыңызды, мүлкүңүздү, адамдардын жаракат алуусун жана каза болуусунун тилсиз жоодон алдын алган болосуз. Өрт чыккан учурда 101, 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here