2019-жылдын 18-декабрында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Мойнок айылынын тушунда Балыкчы-Бишкек багыты боюнча көмүр ташып бара жаткан жүк ташуучу поезддин 8 вагону рельстен чыгып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ИИМден кызматкерлери, Балыкчы шаардык №19 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган, Кыргыз Темир жолу ишканасы тарабынан иш жүргүзүлүүдө.
Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМдин басма сөз кызматы.