Нарын облусунда өрт кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 26,4 пайызга азайган

0
136 просмотров

2019-жылдын 11 ай ичинде Нарын облусу боюнча 103 өрт кырсыгы катталып (2018-ж. 140),  өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр 26,4% азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 6 миллион  сомдон ашык түздү (2018-жылы 6 млн. сомдон ашык), өрттөн 6 адам жабыркаган, анын ичинде (2018-жылы 4 адам).

Өрттөн 57 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2018-ж 35 млн. сом).

Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу —10,7%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан —4,9%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда —7,8%, балдардын от менен ойноосунан —6,8%, өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан —22,4% турак жай секторунда болгон.

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (15) жана 1 млн. 517 мин 139 сомдук материалдык чыгымды түзгөн.

2019-жылдын 11 айында  өрттүн алдын алуу органы тарабынан өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында өрткө каршы бир катар үгүт иштери аткарылды: 25938 адамды камтыган өрткө каршы нускоолор, лекциялар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик объекттердин кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл көп топтолгон жайларда (айылдык жана кварталдык) өткөрүлгөн. 124 өрт боюнча маалымат жергиликтуу бийлик органдарына жиберилди.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here