Нарын облусунда  367 кожолук, 1 ФАП, 1 мектеп, 2 көпүрө, 430 га жер аянты табигый кырсыктарынын коркунучунан корголду

0
168 просмотров
?????????????

?????????????

Бул тууралуу КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Токтобек Шонкоев билдирди. “Нарын облусунун аймагында алдын алуучу аткарылган иш-чаранын жыйынтыгы менен 367 кожолук, 1 ФАП, 1 мектеп, 450 көрүстөн, 2 көпүрө, 430 га жер аянты табигый кырсыктарынын коркунучунан корголду”, — деди поклковник Шонкоев.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Аталган иш-чара 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.

Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2019-жылга карата  Нарын облусунан болжолдуу-планы 3 объектиде иш мерчемделип, кошумча 1 объект  протоколдук тапшырмалардын жыйынтыгы менен кошулган. 2019-жылды  11 ай  ичинде 3 объектте жумуш жүргүзүлгөн. Натыйжада биринчи багыт боюнча 3 объект пайдаланууга берилип,  50 кожолук корголду.

Ал эми алдын алуунун экинчи багыты — “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2019-жылдагы Болжолдуу-планына Нарын облусунан 10 обьект киргизилип, 11 ай ичинде облус боюнча 10 обьектиде иш-чаралар жүргүзүлгөн. Натыйжада 230 кожолук, 1 ФАП, 1 мектеп жана 450 көрүстөн сел коркунучунан корголду.

Мындан сырткары “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” багытында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында 7 кооптуу тилкеде иш-чаралар аткарылган, бул максатта ӨКМден 1000 даана габион торчолор бөлүнүп берилген. Натыйжасында 87 турак-жай, 2 көпүрө, 430 га жер аянты корголду.

Жалпы Нарын облусунун аймагында аткарылган иш-чаранын жыйынтыгы менен 367 кожолук, 1 ФАП, 1 мектеп, 450 көрүстөн, 2 көпүрө, 430 га жер аянты табигый кырсыктарынын коркунучунан корголду.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here