Жалал-Абад облусунун аймагында ӨКМ тарабынан аткарылган иш-чаралар боюнча маалымат

0
250 просмотров

Жалал-Абад облусунун аймагында табигый кырсыктардан 6027 турак-үй, 13 көп кабаттуу үй, 2 бала-бакча, 1 ГСВ, 1160 га айыл чарбалык жери, 8452 метр ички чарблык жол, 10 көпүрө, 100 метр темир жол корголду, 4172 кожолука шарт түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Аталган иш-чара 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.

1-багыт “Авариялык калыбына келтирүү” багыты боюнча:

Жалал-Абад облусунун аймагында капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2019-жылга карата болжолдуу-планында 2 объектте иш мерчемделип, кошумча 3 объект кошулган, 11 ай  ичинде 4 объектте жумуш жүргүзүлүп, 2 обьектиде толук аяктады, 2 обьектиде жумуш уланууда, 1 обьекттин долбоору даярдалып, тендерге коюлду.

Натыйжада биринчи багыт боюнча 2 объект пайдаланууга берилип, 8  кожолук жана 10 га айыл чарба аянттары, 1 ички чарбалык көпүрө корголду, ошондой эле 250 кожолук транспорттук  каттам менен камсыз болду.

2-багыт. “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” багыты боюнча.

Алдын алуунун экинчи багыты — “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2019-жылдагы КР ӨКМнин болжолдуу-планына Жалал-Абад облусунан 69 обьект, кошумча 37 обьект киргизилип, жалпы 106 обьектини тузгөн. 11 ай ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында 105 обьектиде иш-чаралар жүргүзүлүп, толук аяктаган.

Жалпы аткарылган жумуштун көлөмү  42492чарчы метр, 150634м3 түзүп, натыйжасында 6019 турак-үй, 13 көп кабаттуу үй, 2 бала-бакча, 1 ГСВ, 1150 га айыл чарбалык жери, 8452 м ички чарбалык жол, 9 көпүрө, 100 метр темир жол корголгон, 3922 кожолука шарт түзүлгөн.

Жалпысынан 109 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 107 объектиде жумуш толук бүткөн, 2 обьектиде уланууда. Натыйжада жалпысынан 6027 турак-үй, 13 көп кабаттуу үй, 2 бала-бакча, 1 ГСВ, 1160 га айыл чарбалык жери, 8452 м ички чарбалык жол, 10 көпүрө, 100 метр темир жол корголду, 4172 кожолука шарт түзүлдү.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here