Бишкек шаарында өрт кырсыгы 4,7 пайызга азайып 28 адамдын өмүрү куткарылды

0
191 просмотров

Бишкек шаарында 2019-жылдын 11 ай ичинде 757 өрт кырсыгы катталып (2018-ж. 794) өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр 4,7% азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 302 миллион сомдон ашык түздү (2018-жылы 469 млн. сомдон ашык), өрттөн 12 адам каза таап (2018-жылы 7 адам,), өрттөн 29 адам жабыркаган, анын ичинде (2018-жылы 24 адам).

Өрттүн кесепетинен 28 адамдын өмүрү (2018-ж. 14 адамдын өмүрү) жана 1 млрд. 658млн.  сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2018-ж 192 млн. сом).

Өрттөрдүн негизги себептери болуп тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан — 46,4%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан — 27,1%, отко этиятсыздык менен мамиле кылуу — 13,2%.

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (212) жана 17 млн. 380 мин 122 сомдук материалдык чыгымды түзгөн, ал эми өрттөн 7 адам каза тапкан.

2019-жылдын 11 айында ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында өрткө каршы бир катар үгүт иштери аткарылды: 86812 адамды камтыган өрткө каршы нускоолор, лекциялар, мамлекеттик объекттердин кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл көп топтолгон жайларда өткөрүлгөн. Күнүнө болуп өткөн өрттөр боюнча маалыматтык агенттиктерден жана социалдык тармактардан берилип турат. Турак үйлөрдүн жана чарба обьектилеринин абалы жөнүндө 90 маалымат, бийлик органдарына жөнөтүлгөн.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here