Жалал-Абад облусу боюнча 2019-жылы катталган өрт кырсыгы  өткөн жылга салыштырмалуу 25,1 пайызга азайган

0
253 просмотров

Статистика:

2019-жылдын 11 ай ичинде Жалал-Абад облусу  боюнча 445 өрт кырсыгы катталып     (2018-ж. 594) өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр 25,1% азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 215 миллион  сомдон ашык түздү (2018-жылы 49 млн. сомдон ашык), өрттөн 5 адам каза таап (2018-жылы 6 адам,), өрттөн 6 адам жабыркаган, анын ичинде (2018-жылы 1 адам).

Өрттөн 12 адамдын өмүрү (2018-ж. 20 адамдын өмүрү) жана 427 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2018-ж 891 млн. сом).

Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу -16,8%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -35,5%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда -6,9%, балдардын от менен ойноосунан -12,1%, өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан -63,1% турак жай секторунда болгон.

Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Сузак районунда (98), Жалал-Абад ш. (57) жана 1 адам каза болгон, Ноокен районунда (52) ,Базар-Коргон районунда (50) жана 1 адам каза болгон, Ала-Бука айонунда  (32) 1 адам каза болгон.

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (281) жана 22 млн. 125 мин 660 сомдук материалдык чыгымды түзгөн, ал эми өрттөн 3 адам каза тапкан.

2019-жылдын  11 айында облустук КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык бөлүмдөрү тарабынан өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында өрткө каршы бир катар үгүт иштери аткарылды: 319 797 адамды камтыган өрткө каршы нускоолор, лекциялар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик объекттердин кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл көп топтолгон жайларда (айылдык жана кварталдык) өткөрүлгөн. Күнүнө болуп өткөн өрттөр боюнча  маалыматтык агенттиктерден жана социалдык тармактардан берилип турат.

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн эрежелерин сактоо менен, Сиз өзүңүздүн турак-жайыңызды, мүлкүңүздү, адамдардын жаракат алуусун жана каза болуусунун тилсиз жоодон алдын алган болосуз. Өрт чыккан учурда 101, 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here