24-30-декабрларда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

0
310 просмотров

24-декабрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн көпчүлүк аймактарында, күндүз кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-27-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

28-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-декабрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

29-30-декабрларда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here