Ысык-Көл, Талас  жана Нарын облустарынын айыл аймактарынын башчылары жана жергиликтүү кеңештин депутаттары Жарандык коргонуу боюнча окуудан өткөрүлдү

0
368 просмотров

2019-жылдын 9-декабрынан тартып 20-декабрь аралыгында Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарынын айыл аймактарынын башчылары жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму боюнча окуу өткөрүлдү.

Окутуу Кыргыз-Россия Славян Университетинин жана КР ӨКМдин алдындагы КР ӨКМдин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун окутуу курамы тарабынан жүргүзүлүп, окуунун аягында тестирлөөнүн натыйжасында, сертификаттар тапшырылды.

Окуу Кыргыз-Россия Славян Университетинин Илим, Билим берүү жана маданият борборунун (КРСУ ЦОНиК) базасында өтүлдү.

Окуунун жүрүшүндө төмөнкү темалар боюнча Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму, айыл аймагынын дээңгелинде өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, кесепеттерин жоюу, иш-чараларын мерчемдөө, Жарандык коргонуу жаатындагы окууларды, машыгууларды өткөрүү сабактар өткөрүлүп.

Жалпы окууга 74 айыл аймактарынын башчылары жана жергиликтүү кеңештин депутаттары катышты.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here