Манас районунда жаңы курулган №100 өрткө каршы куткаруу бөлүгү ачылды

0
209 просмотров

Бүгүн, 2019-жылдын 24-декабры күнү Талас облусунун Манас районунда жаңы курулган №100 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн имаратынын ачылыш аземи болуп  өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, КР ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын жана Манас районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө министр Н.Мирзахмедов жалпы катышуучуларды куттуктап өттү.

“Жаңы курулган №100 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн имараты толук кандуу бүткөрүлүп, расмий түрдө ачуу аземине мына бүгүн күбө болуп жатабыз. Президентибиздин 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгына ылайык, бул жаңы имарат Сиздердин татыктуу эмгегиниздер жана кошкон салымыңыздар болду десем жаңылышпайм. Куткаруу бөлүгүнүн курулушуна өздүк курам ашар жолу менен жапа тырмак аракет кылып, чоң колдоо көрсөтүштү. Колдоо көрсөткөндөргө жана өздүк курамга ыраазычылык билдирем. Эң негизгиси, ар бир эмгектин акыбети кайтып, эл–жерибизде тынчтык, үмүттүү келечек, жашоонун жыргалчылыгы орноп турсун”, — деди министр Н.Мирзахмедов.

 Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин  буйругунун негизинде,  имараттын долбоору даярдалып, долбоор боюнча 9211112 сомго смета түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинен жалпысынан 6 млн. 832 725 сом акча каражаты которулуп,  өздүк курамдын күчү менен куруу иштери толук аяктады, ал эми бюджетке  2 378 387 сом үнөмдөлгөн.

Имарат заманбап талабына жооп бере ала тургандай салынып, административдик бөлүгү эки кабат, кышкысын жылуу, 2 гараж, ал эми резервде 1 гараж бар.

Эскерте кетсек, ушул эле жылы 13-декабрь күнү Ош шаарында № 29 өрт-куткаруу бөлүгүнүн ачылыш аземи болуп өткөн.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here