Ысык-Кѳл облусунун Түп районунда Өрт-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты ачылды

0
249 просмотров

Бүгүн, 25-декабрь күнү Ысык-Көл облусунун Түп районундагы №34 өрт-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны ачып жатып, Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жалпы катышуучуларды жылуу куттуктап, өздүк курамдын иштерине ийгилик каалап өттү.

“Региондорду өнүктүрүү багытында Министрликтин өрт-куткаруу бөлүктөрүн жаңылатуу, тийиштүү куткаруу шаймандар менен камсыздоо менен авариялык куткаруу иштеринин эффективдүүлүгүн күчөтүүнү максат койгонбуз. Түп районунда 65 000 ден ашуун жашоочулар жашагандыктан, учурдун талабына ылайык келген баардык шарттары менен өрт-куткаруу бөлүгүнүн жаны имаратынын куруу, ар кандай коопсуздуктарды жоюудагы эң негизги маселелерден болуп келген. Мындан ары бул өрт-куткаруу бөлүгү өздөрүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин ушул жаңы имаратта жоопкерчилик менен аткарып, эң жакшы ийгиликтерге жетише берет деген ишеничтемин”, — деди министр Н.Мирзахмедов.

КР ӨКМ тарабынан №34 өрт-куткаруу бөлүгүнүн курулушуна 14 620 208 сом акча каражаты каржыланып, курулуш иштери аягына чыгарылды.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here