Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 27-декабры саат 05:54тө Кыргызстан менен Тажикистандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында — 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.