2020-жылдын 15-январы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
75 просмотров

2020-жылдын 15-январь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Чүй облусу

1.     21-АӨКБ

1 б

1 16:27 16:33 16:47 16:55 17:29 Чүй району, Чүй айылы, Ибраимов көчөсү, кароосуз калган имараттын ичинде 4 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.     15-ӨКБ

1 б

1 23:38 23:46 23:57 00:12 00:35 Москва району, Беловодский айылы, Зорге көчөсү №2, очоккананын 15 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.     2-ӨКБ

1 б

22-АӨКБ

1 б

Джунда

1 б

1 02:18

 

02:35

 

03:35

02:50

 

03:10

 

04:30

04:50 06:15 07:00

07:00

Панфилов району, Тельман айылы, Гүлсара көчөсү №24, аянты 600 чарчы метр болгон “Жаш Ак-Тилек” медресесинин 3-кабаты толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.  3ствБ

Ысык-Көл облусу

4.     15-АӨКБ

1 б

1 16:20 16:24 16:26 16:30 16:47 Каракол шаары, Москва  жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде “БМВ” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.     34-ӨКБ

1 б

1 06:30 06:56 07:20 Түп району, Кутургу айылы, турак үй күйүп жатат. Өрттүн кесепетинен 1 эркек адам (1969-жылы туулган С.У.) күйүп, каза болгон. Өрттүн себеби: такталууда.

Талас облусу

6.     17-АӨКБ

1 б

1 01:07 01:09 01:30 01:50 02:05 Талас шаары, Сарыгулов көчөсү №63, көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүндө 9 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду:

Ош шаары

14-январында саат 12:41де КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Ашимахунов көчөсүндө жайгашкан №48 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

Токмок шаарында 14-январында саат 10:04тө КР ӨКМнин №21 АӨКБ куткаруучулар 3-кичи районунда жайгашкан №70 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here