Кыргызстан менен Тажикистандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды

0
69 просмотров

2019-жылдын 15-январында саат 15:19да Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык Кыргызстан менен Тажикистандын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4 балл, Кара-Киндик, Сары-Таш, Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here