Ош облусунун аймагында 2019-жылы табигый кырсыктардан 5398 кожолук жана 1639га үлүш жерлери корголду

0
123 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Аталган иш-чара 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, ондоп-калыбына келтирүү жана авариалык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.

КР ӨКМнин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча Капиталдык курулуш департаменти тарабынан 2019-жылга Ош облусу боюнча 2 обьект мерчемделип, бүткөрүлдү. Андан сырткары 4 обьект кошумча кирип, 3 толугу менен бүткөрүлдү 1 жумуш жүрүп жатат. Натыйжада 1 больница 345 турак жай корголду, 38га токой чарба жерлер корголду.

КР ӨКМнин Ош облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмү тарабынан 2019-жылы обьект киргизилип бүткөрүлдү. Натыйжада  97 турак жай жана 27га токой чарба жерлер корголду.

Ал эми алдын алуунун экинчи багыты “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2019-жылдагы болжолдуу-планына 122 обьект (анын ичинен 94 мерчем, 28 мерчемге кошумча) киргизилип, 12 ай ичинде облус боюнча 110 объектте (85 мерчем, 25 кошумча) иш-чаралар толугу менен аткарылган. Ал эми 10 обьект 2020-жылдын мерчемине өткөрүлдү. 2 обьект жергиликтүү тургундардын кайрылуусу менен мерчемден чыгарылган.

Натыйжасында: 5398 кожолук жол каттамы менен камсыз болду, 4959 турак жай, 1639га айыл чарба жери, 320 жаран көпүрө менен камсыз болду, 268,5 га айыл чарба жер сугат суу менен камсыз болду, 13,5 чакырым ички чарбалык жол, 2 мечит, 1 больница, 3 бала бакча, 2,5 чак канал, 7 мектеп, 1мүрзө жана 9 көпүрө, 1 айыл аймак имараты сел коркунучунан корголду. 300 кожолук таза суу менен камсыз болду жана 1 даана унаа көпүрө курулду.

Жалпысынан 131 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, 118 объектиде жумуш бүттү. 1 обьектиде улантылууда. Натыйжада жалпысынан : 5398 кожолук жол каттамы менен камсыз болду, 5401 турак жай, 1639га айыл чарба жери, 320 жаран көпүрө менен камсыз болду, 268,5 га а/ч жер сугат суу менен камсыз болду, 13,5 чакырым ички чарбалык жол, 2 мечит, 1 больница, 3 бала бакча, 2,5 чак канал, 7 мектеп, 1 мүрзө жана 9 көпүрө, 1 айыл аймак имараты сел коркунучунан корголду. 300 кожолук таза суу менен камсыз болду жана 1 даана унаа көпүрө курулду жана 65 га токой чарба жери корголду.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here