Чүй облусунун аймагында 2019 жыл ичинде табигый кырсыктардан  1283 кожолуктун жана 149 га чарба үлүш жерлери корголду 

0
38 просмотров

Чүй облусунда табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта:  атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.

Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2019-жылга карата  болжолдуу-планы 24 объектте иш мерчемделген. 12 ай  ичинде 7 объектте жумуш жүргүзүлгөн,  анын ичинен:

— Сокулук районунда 1 объектте жумуш аяктап, 3 объектте жүрүүдө;

— Аламудун районунда 1 объектте жумуш аяктап, 1 объектте жүрүүдө;

— Чүй районунда 1 объектте жумуш аяктады.

Натыйжада биринчи багыт боюнча 7 объектиде: 60 кожолук жана 47 га айыл чарба аянттары, 3 чек ара мамычасы, 1 мүрзө корголду.

 Ал эми алдын алуунун экинчи багыты — “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2019-жылдагы болжолдуу-планына 28 обьект киргизилип, 12 ай ичинде облус боюнча 28  обьекте иш-чаралар толугу менен  аткарылган. Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында: 806 турак жай, 12 батирлүү көп кабаттуу үй, 8 сарай,1 кырман, 84 га алма бак, 18га айдоо аянты, 1 ЛЭП, 1 мүрзө корголду.

2019-жылга “Жашыл долбоор” иш-чараларын ишке ашыруу боюнча Чүй облусунун аймагында 12 участок бекитилип, көчөт отургузу толугу менен аткарылды. Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында: 417 турак жай, 2 ЛЭП, 3 мектеп, 2 ФАП, 1 клуб, 1 спорт комплекси корголду.

Жалпысынан Чүй облусу боюнча 47 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, 43 объектиде жумуш жүрүп, 4 объектиде жумуштар жүрүүдө.  Натыйжада жалпысынан 1283 кожолук,  149 га чарба үлүш жерлер, 1 көп кабатту үй, 8 сарай, 1 кырман, 1 мүрзө, 3 ЛЭП, 3 мектеп, 2 ФАП, 1 клуб, 1 спорт комплекси корголду.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here