Таласта тилсиз жоодон 494 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калды

0
45 просмотров


Талас облусунун аймагында 2019-жылдын 12 ай ичинде 211 өрт кырсыгы катталды (2018-ж. 187).  Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 9 миллион  сомдон ашык түздү (2018-жылы 5 млн. сомдон ашык), өрттөн каза болгондор жок (2018-жылы 1 адам,), өрттөн 3 адам жабыркаган, (2018-жылы 1 адам). 

Өрттөн 1 адамдын өмүрү (2018-ж. 7 адамдын өмүрү) жана 494 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2018-ж 119млн.сом).

Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу -25%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан — 29,9%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда — 6,6%, балдардын от менен ойноосунан -12,8%, өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан  58,3% турак жай секторунда болгон.

Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Кара-Буура районунда 71 өрт -(33,6%) Манас району 43 өрт-(20,5%), Талас шаары 42 өрт-(19,9%), Талас району 32 өрт-(15,5%), Бакай-Ата району 23 өрт-(11%) кырсыгы катталган.

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (123) өрт жана 5 млн. 584 мин 762 сом материалдык чыгымды түзгөн.

2019-жылдын  12 айында Талас облусунун аймагында өрттүн алдын алуу бөлүмдөрү тарабынан өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында өрткө каршы бир катар үгүт иштери аткарылды: 80102 адамды камтыган өрткө каршы нускоолор, лекциялар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик объекттердин кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл көп топтолгон жайларда (айылдык жана кварталдык) өткөрүлгөн. Күнүнө болуп өткөн өрттөр боюнча  маалыматтык агенттиктерден жана социалдык тармактардан берилип турат.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here