Чүйдө өрттөн 14 адамдын өмүрү жана 564 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталды

0
45 просмотров

КР ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгы маалымдагандай, 2019-жылдын  ичинде Чүй облусу боюнча 1176 өрт кырсыгы катталып (2018-жылы 1542) өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр 23.7% азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 47 миллион  сомдон ашык түздү (2018-жылы 73 млн. сомдон ашык), өрттөн 18 адам каза таап (2018-жылы 27 адам,), өрттөн 11 адам жабыркаган, (2018-жылы 5 адам). Өрттөн 14 адамдын өмүрү (2018-жылы 8 адамдын өмүрү) жана 564 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2018-жылы 521 млн. сом).

Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу 25.8% түзсө, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан — 8.1%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда —  43.8%, балдардын от менен ойноосунан 49%ды түзгөн  өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан 51 % турак жай секторунда болгон – 567 өрт жана 17 млн. 333 миң 212 сомдук материалдык чыгымды түзгөн, ал эми өрттөн 18 адам каза тапкан.

Өрттүн райондор аркылуу бөлүнүшү:

  • Аламүдүн району — 235 өрт катталып, 4 адам каза болгон;
  • Сокулук районунда 238  өрт, 3 адам каза болгон;
  • Ысык-Ата районунда  157 өрт, 5 адам каза болгон;
  • Жайыл районунда 137 өрт,  1 адам каза болгон;
  • Чүй району жана Токмок шаарында  135 өрт,  2 адам каза болгон;
  • Москва районунда 103 өрт жана 1 адам каза болгон;
  • Кемин районунда 88 өрт, 1 адам каза болгон;
  • Панфилов  районунда 83 өрт катталып, 1 адам каза болгон.

2019-жылдын ичинде облус аймагында өрттүн алдын алуу органы тарабынан өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында өрткө каршы бир катар үгүт иштери аткарылды:  157 264  миң адамды камтыган өрткө каршы нускоолор, лекциялар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик объекттердин кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл көп топтолгон жайларда (айылдык жана кварталдык) өткөрүлгөн. Андан тышкары социалдык тармактардан күн сайын Өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо жана алдын алуу тууралуу маалыматтар байма-бай берилип турат.

Өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо менен, Сиз өзүңүздүн турак-жайыңызды, мүлкүңүздү, адамдардын жаракат алуусун жана каза болуусунун тилсиз жоодон алдын алган болосуз. Өрт чыккан учурда 101, 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here