2020-жылдын 20-январы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
107 просмотров

2020-жылдын 20-январь күнү республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Сейсмологиялык абал боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 19-январь күнү саат 19:27де Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунда 3 балл, Нарын шаарында 2,5 балл жана Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 20-январында саат 02:18де республикасынын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бор-Дөбө айылында 3 балл, Кара-Көл шаарында 2 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Ош шаары

1.     12-АӨКБ

1 б

1 б

1 17:28

 

17:32

17:37

 

17:42

17:53 18:40 19:00

 

18:58

Базарбаев көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры, 30  чарчы метр шыбы жана жыгач устундуу шифер жабылган мончонун 20  чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 2ствБ

Ош облусу

2.     25-АӨКБ

1 б

1 б

1 16:36

 

17:05

16:49

 

17:18

17:26 18:08 17:52

 

18:56

Кара-Суу району, Ак-Таш айыл аймагы, Коммунизм айылы, Молонов көчөсү, жыгач устундуу бүтө элек турак үйдүн 82  чарчы метр чатыры, 20 боо пахта сабагы жана 15 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууа. 2ствБ
3.     66-ӨКБ

1 б

1 б

1 23:36

 

23:58

23:45

 

00:07

00:26 01:06

 

02:10

 

02:27

Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айыл аймагы, Кара-Кулжа айылы,  Р. Беделов көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 96 чарчы метр чатыры толук күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 3ствБ

Чүй облусу

4.     4-ӨКБ

1 б

1 02:04 02:35 02:54 03:05 03:52 Ысык-Ата району, Нурмамбет айылы, Садык көчөсү, турак үйдүн 25  чарчы метр бөлмөсү, телевизор жана диван күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.     1-ӨКБ

1 б

2-АӨКБ

1 б

1 05:54

 

06:29

05:59

 

06:45

Аламүдүн району, Луговое айылы, Алма-Ата көчөсү, короодо жыйылган болжол менен 2000-3000 түк чөп күйүп жатат. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда.

 

Жалал-Абад облусу

6.     57-ӨКБ

1 б

1 22:18 22:28 22:31 23:49 00:15 Таш-Көмүр шаары, Спортивный көчөсү, жалпы аянты 24  чарчы метр  болгон мончо  жана бастырма толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш жана мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ

Баткен облусу

7.     76-ӨКБ

1 б

3-ӨМТККВ

5-кут.

1 16:18

 

16:35

16:26

 

16:47

16:48 17:27 18:10

 

17:11

Кадамжай шаары, Набережный көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 82 чарчы метр аянты, үй эмеректери жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

 Куткаруу кызматы боюнча ыкчам маалымат

Бишкек шаары

Свердлов районунун Ж.Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн балконунан 1969-жылы туулган М.Н. аттуу эркек киши 1-кабатта жайгашкан дүкөндүн чатырына кулап түшкөн.

Куткаруучулар жабыркаган жаранды түшүрүп тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Биринчи Май районунун куткаруучулар Орозбеков көчөсүндө жайгашкан №2 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. 

Ош шаары

Кулатов кичи районунда жайгашкан №12 көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөөсүндө суу түтүгү жарылып, жер төлөөсүн суу каптаган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, мотопомпанын жардамында сууну сордуруп беришкен.

Чүй облусу

Жайыл районуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 124-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) “Мерседес-Гигант” унаасы жолдун четине чыгып тыгылып туруп калган.

Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан нөөмөттө турган куткаруучу Урал унаасы менен барып, тыгылып калган унааны жолго чыгарып берген.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here