Нарын облусунунда  Жарандык коргонуу боюнча 102 иш-чара өткөрүлдү  

0
55 просмотров

Нарын облусунун 2019-жылга карата Жарандык коргонуу багытында даярдык планына ылайык, жалпы облус боюнча 102 иш чара пландалган: 12 облустук деңгээлде, 90 райондук деңгээлде. Бүгүнкү күнгө карата мерчем 100%га  толугу менен аткарылды. Өткөрүлгөн окууларга жалпысы 3675 жаран (1112 жаран, 2563 кызматкер) тартылган.

Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралардын мерчемдөөнүн максаты – жергиликтүү бийлик органдары,  облустук Жарандык коргонуу кызматтарынын күч, каржаттарынын болуп кетүүчү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу же болбосо кесепеттерин жоюдагы иш-аракеттерин уюштурууда башкаруу органдарынын ич ара эриш алкакты жакшыртуу, ал эми калк арасында чукул кырдаалдардагы жүрүм-турум тууралуу маалыматын жогорулатууга багытталган аракеттер саналат.

Жыл башынан тартып, облус боюнча 68 орто мектепте Жарандык коргонуу күндөрү өткөрүлүп, иш-чарага жылпысынан 23 151 жаран тартылган: 21 119 окуучу, 1822 мугалим, ЖКнуу кызматтарынан 210 кызматкер.

КР ӨКМдин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун Комплектөө планы ылайык, ар кайсы категориядагы Жарандык коргонуу кызматтарынан, башкаруу курамынан, чарбалык объектилерден 117 кызматкер жана айылдык кеңештин депутаттарынан, айыл аймак башчыларынан 25 кызматкер, жалпысы 142 кызматкер атайын окуудан өтүшүп, тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.

Жалпы 12 ай аралыгында өткөрүлгөн 102 окуу машыгууларга жана орто мектептердеги  69 “Жарандык коргонуу” күндөрүнө жана Жарандык коргонуу багытындагы окутуу иш-чараларына жалпысы 45 517 жаран тартылган (жергиликтүү калктан 18167, окуучулардан 22548, ЖК кызматтарынан жана мекеме ишканалардан 2890 кызматкер, 1822 мугалим).

Маалымат катары:

1) Жарандык коргонуу — Кыргыз Республикасынын калкын, материалдык жана маданий баалуулуктары менен аймактарын тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдардан коргонууга даярдоо боюнча жана коргонуу боюнча мамлекеттик жалпы иш-чаралар тутумунун курамдык бөлүгү;

2) Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, коомдук бирикмелеринин жана ыктыярдуу уюмдарынын башкаруу органдары, күчтөрү жана каражаттары анын элементи болуп саналган, тынчтык жана согуш мезгилдерде калкты жана өлкөнүн аймагын өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча функцияларды аткаруучу жалпы мамлекеттик тутум. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму өзүнө Кыргыз Республикасынын Кырсыктын тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформасын камтыйт.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы.
Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here