2020-жылдын 27-январы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
80 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2020-жылдын 27-январынан 28-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМнин тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2020-жылдын 24-январь күнү №02-34/56-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген.

Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап

атып түшүрүү иш-чаралары

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча Агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош (132-137, 198-255-чакырым) унаа жолунда 2020-жылдын 26-январынан 31-январына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу 2020-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасынын №1 буйрутмасы чыккан.

2020-жылдын 26-январь күнү кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында, КР КК ГШнын артиллериялык эсеби саат 13:20да Москва районунун Беловодск айылынан чыгышып, саат 20:10до Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында жайгашкан “Итагар” станциясына жетип түнөкө калышкан.

2020-жылдын 27-январь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Ысык-Көл, Нарын  облустарынын кээ бир райондорунда,  Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Сейсмологиялык абал боюнча

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 26- январь күнү саат 15:16да Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Ата районунун Карагай-Булак, Алмалуу айылдарында 2,5 балл, Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында  өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     7-АӨКБ

1 б

3-АӨКБ

1 б

1 12:54

 

12:58

13:00

 

13:04

жеткенге чейин 13:16

 

13:54

Свердлов району, Менделеев көчөсү №153б, турак үйдүн 8 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

Чүй облусу

2.     22-АӨКБ

1 б

 

1 09:27 09:29 09:36 09:57 10:05 Жайыл району, Кара-Балта шаары, Москва көчөсү №44, турак үйдүн от жагуучу бөлмөсүнүн 5  чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. 1ствБ
3.     23-АӨКБ

1 б

 

1 18:33 18:45 19:00 20:05 20:28 Сокулук району, Сокулук айылы, Калинин көчөсү №150, жыгач устундуу темир жабылган мончонун 10  чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

4.     19-АӨКБ

1 б

1 20:35 20:45 жеткенге чейин 21:15 Балыкчы шаары, Нарын шоссеси көчөсүндө “Ауди-100” үлгүсүндөгү жеңил унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Баткен облусу

5.     26-АӨКБ

1 б

 

1 14:07 14:25 14:30 14:45 15:48 Баткен району, Кара-Бак айыл аймагы, Кызыл-Бел айылы, Тагаев көчөсү №56, жыгач устундуу темир жабылган эки кабаттуу сарайдын 32  чарчы метр чатыры жана 200 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу. 1ствБ

Нарын облусу

6.     42-ӨКБ

1 б

1 01:52 02:10 02:30 03:53 04:15 Кочкор району, Семиз-Бел айыл аймагы, Семиз-Бел айылынын четинде жайгашкан жалпы аянты 40  чарчы метр болгон курулуш вагон толук күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.     43-ӨКБ

1 б

1 04:39 05:03 05:16 05:57 06:35 Жумгал району, Байзак айылы, Калыкеев көчөсү №15, турак үйдүн 20  чарчы метр жыгач шыбы, кир жуучу машина жана төшөктөр күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
8.     20-АӨКБ

1 б

 

1 04:48 04:50 04:51 04:56 05:10 Жалал-Абад шаары, Токтогул жана Исакулов көчөлөрүнүн кесилишинде бир даана бак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here