2020-жылдын 28-январы саат 08:00го карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
75 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2020-жылдын 28-январы күнү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМдин тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2020-жылдын 24-январь күнү телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген.

Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап

атып түшүрүү иш-чаралары

Бишкек-Ош (132-137, 198-255-чакырым) унаа жолунда 2020-жылдын 26-январынан 31-январына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жургүзүлөт.

2020-жылдын 27-январь күнү кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында, КР КК ГШнын артиллериялык 246-чакырымында (Көчкү-Булак тилкеси) жана 231-чакырымындарында жүргүзүлгөн. Жалпы 56 000 м3 кар көчкү түшкөн.

Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары 28-январь күнү улантылат.

2020-жылдын 28-январь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

күндөлүк маалыматы

Ош шаары

Куткаруучулар У. Салиева көчөсүндө жайгашкан №64 үйдүн жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Баткен облусу

Сүлүктү шаарында куткаруучулар ЖЧК “Ормон” шахтасынын газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен.

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 225-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) оор жүк ташуучу унаа жолдун четине чыгып тыгылып туруп калган. Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы КР ӨКМнин РӨКОнун 2-ӨИКОдон 2 куткаруучу Камаз унаасы менен барып, тыгылып калган унааны жолго чыгарып беришкен.

Чүй облусу

Аламүдүн районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 14-чакырымында (ГЭС-5 айылы) “Субару” унаасы менен “Фольксваген-Гольф” унаасы кагышкан. Кырсыктын кесепетинен “Субару” унаасында,  “Фольксваген-Гольф” унаасында жабыркаган. Каза болгон адамдар жок.

Ош облусу

Ноокат районунда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 12-чакырымында (Ак-Терек айылы) “Hyundai Porter” унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, токтоп турган “Hyundai Porter” унаасын сүзгөн.

Куткаруучулар жабыркаган адамдарга биринчи медициналык жардам көргөзүлгөндөн кийин, ооруканага жеткиришкен.

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. 

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9

10

11

Чүй облусу

1.     6-АӨКБ

1 б

 

1 06:14 06:35 07:00 07:30 07:58 Сокулук району, Ала-Тоо-3 конущу, Эркин-Тоо көчөсү, жыгач устундуу темир жабылган мончонун 40 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.     23-АӨКБ

1 б

 

1 11:09 11:17 12:00 12:05 13:03 Сокулук району, Сокулук айылы, Звездный көчөсү, турак үйдүн 200  чарчы метр жыгач шыбы жана темир менен жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.     1-ӨКБ

1 б

 

1 11:20 11:28 11:45 12:07 12:23 Аламүдүн району, Ленинское айылы, Мостовый көчөсү, турак үйдүн 40  чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4.     15-ӨКБ

1 б

 

1 17:38 17:48 18:10 18:42 19:10 Москва району, Беловодское айылы, Фрунзе көчөсү, турак үйдүн 5  чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Талас облусу

5.     93-ӨКБ

1 б

1 06:34 06:58 07:25 09:40 10:20 Бакай-Ата району, Боо-Терек айылы, Бекболотов көчөсү, аянты 60  чарчы метр  болгон турак үй күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

Ош облусу

6.     64-ӨКБ

1 б

 

1 16:15 16:21 16:31 17:15 17:45 Араван району, С.Юсупова айыл аймагы, Араван айылы, Х.Сыдыков көчөсү, бастырманын ичинде 50 боо жүгөрү сабагы жана 20 түк чөн күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 2ствБ
7.     103-ӨКБ

1 б

1 02:20 02:55 03:25 05:28 06:45 Алай району, Жаңы-Алай айыл аймагы, Таш-Коргон айылы, Береке көчөсү, аянты 180 чарчы метр болгон мечит толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Ысык-Көл облусу

8.     15-АӨКБ

1 б

 

1 19:32 19:42 19:45 19:50 20:42 Каракол шаары, Горький жана Ч.Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаанын арткы салону күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

9.     74-ӨКБ

1 б

1 21:46 22:00 23:00 23:20 00:25 Лейлек району, Исфана шаары, Төрөкүлбай-Ата көчөсү, аянты 24  чарчы метр болгон сарай жана 75 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here