Бош кызмат орундарына сынак жарыяланды 

0
37 просмотров

КР ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесине ылайык төмөндөгү административдик мамлекеттик кызмат орундарына сынак жарыялайт: 

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар

 Административдик мамлекеттик башкы жана улук кызмат орундары үчүн:

 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

6) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси;

— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

7) Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү:

-компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө;

-компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (интернет, эл. почта ж.б.);

-маалыматтардын чоң көлөмү менен иштөө жүргүзүү: жаңы маалыматты түзүү жана иштеп чыгуу;

-маалыматтарды жана билдирүүлөрдү көрсөтүү;

— колдонмо программалык продуктулардан жана сервистерден пайдалануу;

— уюштуру техникасы менен иштөө;

-маалыматтык коопсуздук.

Гляциология жана кар көчкү коопсуздугу башкармалыгы

Гляциологиялык байкоо бөлүмү

  1. Бөлүмүнүн башчысы (У-А) – 1 бирдик:

 Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билими, төмөндөгү багыттар: табият таануу (гляциология, метеорология, физика, география, экология, картография жана геоинформатика), техникалык (техносфералык коопсуздугу, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология, тармактык жана байланыш системасы), гуманитардык, физика-математикалык илимдери боюнча.

Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”  мыйзамдарын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө”, 2012-жылдын 20-февралындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» токтомдорун.

Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо, презентация даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

-мамлекеттик   тилде эркин сүйлөө, кат алышуу  жана расмий тилде иштиктүү кат алышуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Кызматтык милдеттери:

-өзгөчө кырдаалдар, мөңгүлөгө, жырылып кетүү коркунучу бар көлдөргө жана глациалдык кырсык болгон аймактарга уюштурулган экпедициялык жумуштар боюнча иш сапарларга катышат;

-мөңгүлөгө, жырылып кетүү коркунучу бар көлдөргө жүргүзүлгөн экспедициялык талаа материалдары   боюнча жылдык отчетторду  түзөт;

-жырылып кетүү коркунучу бар көлдөргө жана мөңгүллөргө ыкчам жана пландаштырылган изилдөөлөрдү аткарат жана мөңгүлөрдүн массалык балансынын эсептейт;

          -жырылып кетүү коркунучу бар көлдөр боюнча болжолдоолорду, бөлүмдүн топтомо отчетторун түзүүгө катышат;

Документтик камсыздоо жана аткарылышын контролдоо бөлүмү

2.Башкы адиси (У-Б) – 1 бирдик:

 Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билими, төмөндөгү багыттар боюнча: адам ресурстарын башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, гуманитардык, табият таануу илимдери.

Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдарын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө”, 2013-жылдын 7-майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 “Кыргыз Республикасынын башкаруу иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”, 2010-жылдын 25-мартындагы № 182 “Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө”, 2012-жылдын 20-февралындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» токтомдорун.

Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

— мамлекеттик   тилде эркин сүйлөө, кат алышуу  жана расмий тилде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө.

Кызматтык милдеттери:

-Кыргызгидрометке келип түшкөн корреспонденцияларды АСКИД программасы аркылуу электрондук каттоодон өткөрүүнү уюштурат;

-акыркы чыгарылган мыйзамдарга ылайык жарандардын сунуштары, арыздары жана даттануулары боюнча иштерди уюштурат жана контролго алынган  документтер боюнча жалпылоочу анализди ай сайын жүргүзүп түздөн-түз жетекчисине берип турат

 

Сынака катышуу үчүн төмөнкү иш-кагаздарын  тапшыруу зарыл:

— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

— паспорттун көчүрмөсүн;

— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

— сунуш каттарын (мүмкүн болушунча);

— ден соолук абалы жөнүндө маалымкаты.

Сынака катышуу үчүн  жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя чыккан күндөн тартып 2020-жылдын  10-февралына чейин  төмөнкү даректер боюнча тапшыруу керек:

Бишкек шаары, Керимбекова  көч., 1, Персоналдар менен иштөө бөлүмү 1-кабат, каб. 2 тел.:0312 314699, 316535,316290.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here