2019-жылда аткарылган иштер тууралуу Ош облустук башкармалыгында жыйын болуп өттү

0
188 просмотров

Ош облустук Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен бирге 2020-жылга коюлган тапшырмалар боюнча жыйын болуп өттү.

Жылдын жыйынтыгын чыгаруу КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери, облустук Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери, райондук жана шаардык Жарандык коргонуу башчыларынын катышуусунда өткөрүлдү.

2019-жылга Жарандык коргонуу күчтөрүнө коюлган эң башкы тапшырмалар болуп Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө даярдыгын күчөтүү, тобокелдикке барууну кыскартуу иш-чараларын жүргүзүү, адам өлүмүнө жол бербөө, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана эскертүү боюнча колдонулуучу материалдык жана маалыматтык ресурстарды, акча каражаттарын эффективдүү пайдалануу болуп эсептелип, калкты жана аймактарды коргоо боюнча аракеттерине өзгөчө көңүл бөлүнгөн.

2019-жыл ичинде 4 өзгөчө кырдаал  катталып, кырсытан келтирилген чыгым 2 млн 584миң 500 сомду түздү.  Салыштырмалуу 2018-жыл ичинде Ош облусунун аймагында 11 ӨК катталып, 1 жаран каза болуп, келтирилген чыгым 12 млн 424 миң 458 сомду түздү.

Ош облусунун аймагында 2019-жыл ичи 19 жолу кырсык каталып, сууга чөккөндөрдүн саны 25, анын  ичинен 15 эркек киши, 6 аял,  4 жаш баланы түзгөн.

Ош облусунун аймагында 2019-жылга карата 76 машыгуу мерчемделгендин негизинде өткөрүлдү.

КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте жалпы облусу боюнча 3526 адам кырсыктын алдын алуу боюнча окутулду.

2019-жылы Ош облусунун аймагында 425 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык чыгымдын эсеби 38мл. 46миң 853 сомду түзгөн. Өрт кырсыгынан жалпысынан 3 адам каза болуп 2 адам күйүк жараатын алган.

Жыл башынан бери өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнүн ыкчам аракети менен 51мл. 925миң 251сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган.  2018-жылга салыштырмалуу 216 өрт кырсыгына аз катталып материалдык чыгым 20.3% азайган.

Жалпы облус боюнча “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш чарасынын  2019-жылда аткарылышы боюнча -122 объекте иш бүткөрүлдү.

2019-жыл ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жана райондук Жарандык коргонуу кызматкерлери менен биргеликте кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөргө такыраак айтанда 1800 жаранга жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Кеңешмеде Жарандык коргонуудагы көйгөйлүү маселелердин бири кооптуу аймактарда жашап жаткан үй-бүлөлөрдү коопсуз аймака көчүрүү иш-чараларын күчөтүү боюнча жана башка ушул сыяктуу маселелерге көңүл буруу каралды.

Жыйынтыгында 2020-жылга карата мерчемделген иш-чаралардын негизинде тапшырмалар берилди.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here