Калктын ишеним индекси боюнча ӨКМ алдыңкы сапта 

0
23 просмотров

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2019-жылдын экинчи жарым жылдыгына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калктын ишеним индекси боюнча министрликтер, ведомстволор арасында 45,7 упай менен алдыңкы орунга чыкты. ӨКМге калктын ишенимин чыгарууда төмөнкү көрсөткүчтөр негиз болгон:

  • 2019-жылдын экинчи жарым жылындагы “Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо” индекси  — 44,8 упай;
  • “Мамлекетке жараандын жеке ишеними” индекси  боюнча —  56, 2 упай;
  • 2019-жылдын экинчи жарым жылындагы «Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын деңгээли жөнүндө жеке түшүнүк” индекси — 35,8  упай.

Статистика: 

2019-жылдын 12 айында Кыргыз Республикасынын аймагында 31 өзгөчө кырдаалдар (2018-ж. – 99) катталган. Өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 19 адам каза болгон.

Мындан сырткары 3 955 өрт кырсыгы (2018-ж. – 4808) катталып, өрттүн кесепетинен 50 (2018-ж. – 59) адам каза болгон, анын ичинен 7 (2018-ж. – 10) жаш балдар. Бул статистика 2018-жылга салыштырмалуу жакшырган. Атап айтсак үгүт-насаат иштерин сапаттуу жүргүзгөндүктөрүнүн натыйжасында өрттүн санын -17,7% га, адам өлүмүн -15,3%га чейин кыскартууга жетишти.

Ал эми Куткаруулардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 33.3% көбөйгөн — республика боюнча ар кандай өзгөчө кырдаалдардан 276 адам өмүрү куткарылган (2018-ж. 184 адам).

Мындан  сырткары куткаруучулар тарабынан 938 жаранга ар кандай жардамдар берилген (2018-ж. 1071), анын 74 адамга дарыгерге чейинки жардам (2018-ж. 256), эшик ачып берүүгө 541 (2018-ж. 506), күтүүсүз жагдайларга туш болгондорго 323 (2018-ж. — 309) жардамдар көрсөтүлгөн.

Алдын алуу багытында 2019-жылдын 12 айында 340 объектиде жумуш жүрүп, 409 объект пайдаланууга берилип, натыйжасында 24 743 кожолук,  12 981 га айыл чарба аянттары, 3 700,5 га чарба үлүш жерлер корголду.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here