КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Жарандык коргонуу жаатында 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жыйынтыкталды

0
290 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгында Жарандык коргонуу жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштер жана жетишкендиктер боюнча Ош шаарында жылдын жыйынтыгы чыгарылды.

КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери, шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери катышуусунда болуп өттү.

Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары жыл ичинде аткарылган иштери боюнча маалыматтарын беришти.

Ош шаарынын Жарандык коргонуусунун 2019-жылдын иш-планына ылайык 21 жолу машыгуулар жана текшерүүлөр өткөрүлгөндүгүн маалымдады.

“Куткаруу кызматынын” куткаруучулары тарабынан Ош шаарында жайгашкан 10 орто мектептерине болжолдуу түрдө 550дөн ашуун окуучуларга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепетин жоюу боюнча практикалык машыгуулар ошону менен бирге сууга түшүүнүн эрежелери тууралуу сабактар өткөрүлдү.

Ош шаарынын калкын жана мекеме, ишканалардын кызматкерлерин өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана келип чыккан учурда аракеттерине, өзүн-өзү алып жүрүү коопсуздук эрежелерине үйрөтүү боюнча 2019-жылга түзүлгөн комплектөө мерчеминин негизинде 8044 адам окутулду.

Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүн өткөрүү планы иштелип чыгып, планга ылайык тийиштүү иш-чаралар аткарылып, жыйынтыгында республиканын аймагында КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгы 1-орунду багындырган.

2019-жыл ичинде Куткаруу кызматы тарабынан Ош шаарынын калкына жалпысынан 352 ар кандай жардамдар көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2019-жылда аткарылуучу “Атайын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу” иш-чараларынын мерчемине, Ош шаарынын аймагындагы сел каптоо коркунучу бар 6 объект киргизилип, андагы жумуш толугу менен аяктады.

Ош шаарынын аймагында 217 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык чыгым 26 207 644 сомду түзгөн. Өрт кырсыгынан жалпысынан 5 адам каза болуп 4 адам күйүк жараатын алган.

Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Нурлан Баймуратов 2019-жылда аткарылган иш чаралар тууралуу баяндап, Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чаралар өз деңгээлинде аткарылгандыгын маалымдады.

Кошумча 2020-жылы пландалган жумуштарды аткаруу тартиби да каралды.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here