Жалал-Абад шаарынын базарында өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү

0
28 просмотров

2020-жылдын 28-январы күнү Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Жалал-Абад шаары жана Сузак райондору боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгууга шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын тиешелүү кызматтары тартылды.

Мындан тышкары, машыгуунун жүрүшүндө аталган базардын соода жай ээлерине жана базардын администрациясынын кызматкерлерине өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here